Профиль пользователя Тумар Жумабеков
Количество сообщений: 12
Карма: -2
Плюсов: 5
Минусов: 7
Последние сообщения

Экс-президент А. Атамбаевдин өмүрлүк жары Р. Атамбаева анын экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта АША дагы Раиса айымдын экинчи никеси экени жашыруун эмес. Экс-ханайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү. 

Экс-ажонун мурдагы шоопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке айланып, кадр маселесинен тарта финансы маселесине чейин кийлигишкен таасирдүү фигура болгону белгилүү. Анан ал өлкөбүздө бийлик алмашкандан кийин алданеден чоочулап, бирде ажылык сапарды шылтоолоп, бирде апасынын ден-соолугун бетине кармап эле Кыргызстандан качып калган болчу. 

Бирок, ал эч кандай апасынын ден-соолугуна камкордук көрбөй эле Татарстандын борбору Казань шаарындагы экс-ханайым Раиса Атамбаева түптөп койгон бизнеске көзөмөлдүк кылып жатканын маалымат булактары жазып чыгышкан. Тактап айтсак, ал бизнести Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласы менен Икрам мырза биргеликте көзөмөлдөп жатышканы тууралуу маалыматтар чыккан. 

Анан эле И. Илмиянов Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келингенден кийин эле жадакалса 31-август Эгемендик күнү элибизди куттуктап коюуга жарабай, ден-соолугун шылтоолоп эле жүргөн А. Атамбаев Россияга жеңесинин тажиясын жана кандайдыр бир партиялардын конференциясын шылтоолоп шашылыш учуп кетип атпайбы. 

Дурусураак шылтоо таба албаганына өзү деле бир аз кейисе керек, бирок анын бул жолку сапарынын негизги максаты жогорудагы эки себеп эмес, Казань шаарындагы бизнесине сарсанаа болгонунан улам жасалган сапар болгон экен. Ал Россияга барып, ал жактан өзүнүн ишенимдүү адамдарынын бирине ошол Казань шаарындагы бизнесин «жакшылап иштет» деп тапшырып келиптир. 

Демек, ал өгөй баласына (Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласы) ишенбей турганын түшүнө берсек болобу?

30.10.2018, 15:58
-1

Урматтуу АШАчылар артыңарды жабыш үчүн беттырмаарлык кылбагыла. Уялгандын оордуна уурдаган акчаңарды президентке шылтап жатасынар. Эртең калпыңар чыгыпкалып уят болосуңар.

30.10.2018, 15:27
0

Тарых музейинин алдына төшөлгөн сейрек кездешүүчүкара мраморлорду АША түнү мененташып кетип Кой-Таштагы хан сарайына төшөп алган.Тарых музейинин астына төшөлгөн кара мрамор дүйнөдөсейрек кездешкен таштардын катарына кирет жана анын баасы асман чапчыйт.Ал эми музейдин астына төшөлүп  жаткан жаңы таштар жалтыраганы менен Кытайдан жасалган сапаттсыз таштар экени ачыкка чыкты. Демек, АШАушул жерден да кызыл кулактык кылган.

14.09.2018, 16:05
0

Мамлекеттин акчасын ичип жеп качып жүргөн саясатчылар бир күнү кармалат жооп беретурган күн келет. Элдин ырыскысын кымырып алып кутулуп кетем дегендер бар

12.09.2018, 14:16
0

президенттин пикирине кошулам. Коррупциялык иштерден чогулган акчаны эң зарыл болуп турган мектеп маселесин чечүү үчүн колдонуу керек. андай болбосо бул акча алдым жуттумдардын чөнтөгүнө ъле кирип кетет.

12.09.2018, 09:56
0

Иш болгон жерде кемчилик болот. Бул көрүнүш Көчмөндөр оюунуна кызыккандардын саны күтүлгөндөн да көп болуп жатканын көрстүп жатат.

04.09.2018, 11:41
0

Эн жакшы. олкодо тартип болуш керек. тартип болгон жерде тынчтык болот

10.08.2018, 19:15
0

Депутаттардын көпчүлүгү Азиз Суракматовду колдоп ишеним көрсөтүп жатыптыр менин пикиримде көпчүлүк жаңылышпаса керек. Шаардык кеңештин депутаттары көчөдө жүргөн бирөөнү эле сунуштап жаткан жокда. Иштеп көрсүн көрөлү . 

28.07.2018, 13:32
-1

Алмаз Атамбаевдин тушунда жок болуп кеткен акыйкаттулук кайрадан кайтып келди окшойт. Атамбаевке каршы сүйлөгөндүгү үчүн күнөөсүз жерден камалып калган Канат Исаев үй камагына чыгарылды

18.07.2018, 18:46
0

Сарыбашев жетекчи болуп иштеп кеткен Алай районунунда кызмат кылып турганда жупуну жетекчи болуп, эл менен тыгыз иштешкенин баары билет. Тилекке каршы, Сарыбашевдин диплому боюнча да түрдүү ушактар тарап, бирок бирөөсү да далилденбей, тынчып калышты.

18.07.2018, 18:41
0

Мыйзамбаарына бирдей: Исаков, Кулматов, Артыкбаев камакка алынды  Кыштын ызгаарында Бишкек ТЭЦиндеболуп өткөн авария анымодернизациялоодо ири коррупция жойлоп кеткенин коомчулукка ачык көргөзүп койгон. Натыйжада булиш боюнча депутаттык комиссия да түзүлүп, анда 30 чактыаткаминердин аттары аталган. Парламенттин кабыл алган токтомунда ошол ТЭЦти

модернизациялоо учурунда КР президенттик аппаратынын тышкысаясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп турганСапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт киргизилген. Ошондон кийин адегенде ТЭЦкоррупциясы боюнча жети адам камакка алынганы маалым болгон. Бирок, коомчулукта

«Ошол иштин башында турган чыныгы күнөөлүүлөр качан камалат?» дегенсуроо коюлуп, ага жооп күтүп турушкан. Кече 5-июндабул суроого жооп берилди. Биринчи Май райондук сотунун чечимименен адегенде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тергөө иштери аяктаганга чейинэки айга УКМКга камакка алынды. Андан кийин ошол эле күнү Бишкек шаарынын мурдагымэри Кубанычбек Кулматов Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан региондорго мектеп

курууга берилген 2 млн доллардын мыйзамсыз коротулганына тиешеси бар деген айып

менен атайын кызматтын тергөө абагына июнь айынын аягына чейин камаккаалынды. Ал эми 6-июндун таңында ЖК депутаты, мурдагыэнергетика министри Осмонбек Артыкбаев камакка алынганы маалым болду.

Маалыматка караганда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча иш козголгон. Демек, Бишкек ТЭЦинмодернизациялоодо ири коррупцияга жол бергендердин «лөктөрү» камала баштады. Эмиалар кымырып алган миллиондорун кайра чыгарабы, кеп ошондо.  

06.06.2018, 18:32
0

Эл чыныгыкоррупционерлерди колдобой турганын көрсөттү  Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо биркычкачтын баасы 640 долларга документтештирилген фактысы эле карапайым

кыргызстандыктардын төбө чачтарын тик тургузуп,нааразычылыктарын ойготту. Андыктан бул коррупциялык ишке аралашкандардын баары жоопкерчиликке тартылышын, камакка алынышын чыдамсыздык мененкүтүшкөн. Бүгүнкү күнгө чейин 10 адам камаккаалынды. Алардын арасында өлкөнүн мурдагыпремьер-министри С. Исаков, мурдагы энергетика министри О. Артыкбаев, мурдагы

борбор калаа мэри К. Кулматов сыяктуу үлкөндөр бар. Мурда мына ушундай «Коррупция» беренеси боюнчакылмыш иштери козголуп, анын фигуранттары камакка алынганда, аларды колдогон

митингдер болуп кетет эле. Мисалы, А. Келдибеков камаккаалынганда, Алайда дээрлик бир ай бою митинг өткөн. Ө. Текебаев камалганда да 3-4 күн митинг болгон. С.Жапаровду да колдогон митингди билебиз. Ал эми С. Исаков, К. Кулматов, О.Артыкбаевдер удаасы менен камакка алынганда бир дагы адам митингге чыккан жок.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө да 70-80% колдонуучулар булардын камакка алынганын туура деп эсептешүүдө. Демек, мунун өзү президенттин коррупциягакаршы күрөштү күчөтүп жатканын эл да колдопатканынын белгиси болуп саналат. Эгерде эртең экс-президент А. Атамбаев да камакка алына турган болсо, аны да колдогон митинг болбойт. Себеби, эл анын командасы кандайкоррупциялык иштерге барганын, кычкачтын баасын 640 доллар, бир устунду 600

доллар, жыгачтан жасалган атты 14 000 еврого «көтөрүп» салганын билди, укту.Андыктан Атамбаев өзү айтмакчы, «Коррупционердин орду – түрмөдө».  

06.06.2018, 16:55
0
НАВЕРХ  
НАЗАД