Профиль пользователя Айдар Алиев
Количество сообщений: 8
Карма: 0
Плюсов: 3
Минусов: 3
Последние сообщения

Ачыгын айтайын», «Кудай турат» деген сөздөрдү «дүжүр» сөздөргө айландырып алганы менен эсте калган экс-ажо Алмазбек Атамбаев дээрлик алты жыл бою жасаган ишинен мактанычы көбүрөөк болуп келген. Бүгүнкү күндө да тилекке каршы ошол мактанычын токтото албай келет.

«Мен баарыңардан кыйынмын, калганыңар келесоосуңар» дегендей опурулуп сүйлөгөн Атамбаев алты жыл бою бийлигин кара пиар жана мактаныч пиарын бирдей агытуу менен сактап келгенин өзү да эми түшүнүп отурса керек. Ырас, таптакыр жакшы иш жасай албады дегенден алыспыз. Көп эле айтууга арзый турган иштер жасалды. Өзү айтмакчы энергетика тармагында ири долбоорлор ишке ашты. Жолдор курулду жана курулууда. Бул долбоорлордун баары Кыргызстанга керек эле, бул айныгыс чындык.

Бирок, ошол долбоорлорду жүзөгө ашырууда өтө ири коррупция жойлоп кеткени таптакыр башка кеп болуп атпайбы. Муну АША айткысы келбейт. Тескерисинче, ал темадан айланып өтүп, «Эгерде ошондо биз Бишкек ТЭЦин модернизациялабаганда Бишкек шаары тоңуп калмак, эгерде «Датка-Кеминди» курбасак көз каранды болуп жүрө бермекпиз» деп эле бир тараптуу догурунууда. Ал айткандарды биз деле айтып атабыз. Бирок, кеп ал долбоорлордун керек болгонунда эмес, ошол долбоорлорду жүзөгө ашыруудагы коррупция тууралуу болуп атпайбы. Же «Бул долбоорлор керек болчу, андыктан анда коррупция болуп кетсе деле көрмөксөн, билмексен болуп коюш керек» деп отура бериш керекпи?

Эч нерсе көрмөксөнгө, билмексенге салынбашы керек. Андыктан биз бул ирет А. Атамбаевдин алты жылдык доорунда өлкөбүзгө кандай зыяндар келгени тууралуу сөз кылалы.

Биринчиден, А. Атамбаевдин убагында өлкөбүздүн тышкы карызы эки эседен ашык көбөйдү. Эгерде ошол тыштан алынган карыздар максаттуу жумшалган болсо да жөндүү болмок. Тилекке каршы, ал тыштан келген кредиттердин көпчүлүгү ошол ири долбоорлорго деп келип, анын көпчүлүк бөлүгү жемкорлордун жемсөөсүнө кирип кетти. Эми ошол жемкорлор үчүн карапайым кыргызстандыктар карызга батып отурат.

Экинчиси, ушул биринчи зыянга байланыштуу. Тыштан алынган карыздар менен өлкөбүз карызга батса, ошол каражаттардын эсебинен АШАнын айлана-тегерегиндегилер ченемсиз байып алышты. Жаңы олигархтар пайда болду. Демек, тыштан карыздарды алуу кимге көбүрөөк пайдалуу болгонун түшүндүңүз окшойт?

Үчүнчүдөн, А. Атамбаевдин эл аралык мамилелердин стандарттарын сактай албагандыгына байланыштуу анын президенттик мөөнөтүнүн акыркы жылдарында коңшулаш Казакстан, боордош Түркия мамлекеттери менен мамилелер бир топ начар болуп кеткенин айтып коюу керек. Казакстан менен чек арадагы болуп өткөн кырдаал канчалаган ишкерлердин, карапайым элдин капчыгына ири суммада зыян алып келген.

Төртүнчүдөн, А. Атамбаев үй-бүлөлүк режимди жок кылдым дегени менен, бийликке диплому жок шоопур, жансакчыларын, тажрыйбасы жок «оң кол», «сол колдорун», күйөө балдарын, кудаларын алып келип, мамлекеттик бийликтин кадырын кетирди.

Бешинчиден, АШАнын ач көздүгүнүн айынан «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылында таңкы уйкусунан ойгоно элек 39 жараныбыз кыйраган учактын курмандыгы болушту. Ал учактагы жүк АШАнын үй-бүлөсүнө таандык экенин Түркиянын атайын кызматы да билдирди. Демек, Атамбаев өзү контрабанда менен алектенип жүргөнүн түшүнө берсек болот.

Алтынчыдан, «2-3 күндө жаны чыгып кеткен атат» деп «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди эркиндикке чыгарттырып, аэропорттон кызыл килем аркылуу бастырып, чет өлкөгө качырды.

Айтор, мындай зыяндарды санай берсек, өтө эле көп. «Кудай урсун» деген сөздү өтө көп айтчу эле, акыры ошол сөзү өзүнүн түбүнө жеткени калды окшойт. Себеби, жалган айтып, элдин көзүн будамайлоо менен Кудайдын атын оозануу да эң чоң чекилик болот эмеспи.

18.12.2018, 16:01
0

Президент абдан туура кебин айтыптыр. Кызматынан пайдаланып күн көргөн жетекчилер өтө көп ошолорду элдин алдында уяткарып туура кылды.

15.12.2018, 10:14
0

Кыргызстандын эртеңки келечектүү багыты дал ушул ЕЭАБге байланыштуу десек болот. Анткени биздин мигранттар дагы документ жагынан тоскоолу жок иштеп жатышат.

05.12.2018, 15:33
+1

Атамбаев өзүнүн абройун миллиондорго баалагандыктан көп журналисттер ак жеринен соттон сотко кайрылып таманлары деле тешилди. Азыр баары жакшы.

03.12.2018, 13:56
0

Президент Сооронбай Жээнбеков чечкиндүү кадамдарды жасап, сот, коррупция, чек ара сыяктуу маселелерди чечүүдө болгон күчун жумшап жатат. Муну азыр калайык калктын баары билишет. Экрандын артында отуруп алып, өзүңөрчө билерман болуп сын таккандын кандай зарылчылыгы бар эле. Андан көрө президентке колдоо көрсөтүп, ишинин жыйынтыгы күткөнүбүз оң.

08.11.2018, 16:35
-1

Асылбек Жээнбеков эч кандай интригага аралашпай өз орду менен эле жүрөт. Анчалык саясатташтыруунун өзү туура эмес. 

30.10.2018, 14:55
-1

Президенттин Түркияга жасаган сапары байсалдуу болсун деген тилектемин. 

29.10.2018, 10:10
0

АША ал мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды. Президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин ачка калчудай болуп контрабанданы да өзү көзөмөлдөгөнү билинди. Тыштан келген кредиттердин жарымысы эле анын табакташтары менен чогуу «оп» этилип кеткени ачыкка чыкты. Элдин убалын уруп да ойнобогон экен. Ошол тыштан алынган кредиттерди кийин элим кантип төлөйт деген ойду капарына албаптыр.

28.08.2018, 12:19
+1
НАВЕРХ  
НАЗАД