PRO-шайлоо - бул Kaktus.media'нын жаңы долбоору. Депутат Марлен Маматалиев катышкан маек
KG

PRO-шайлоо - бул Kaktus.media'нын жаңы долбоору. Депутат Марлен Маматалиев катышкан маек

Все самое интересное в Telegram
Kaktus.media'нын журналисттери Диля Юсупова жана Бермет Уланова PRO-шайлоо аттуу подкаст даярдап жаткан кези. Долбоордун алкагында Kaktus.media'нын редакциясы шайлоону бардык тарабынан карап чыгып, талкууга алышат.

Ал эми подкасттын өзү долбоордун соңунда сунушталат. Азырынча журналисттер бул суроолорду программанын конокторуна беришмекчи. Студиянын алгачкы мейманы Жогорку Кеңештин "Республика – Ата-Журт" фракциясынан депутаты Марлен Маматалиев.

Маектин орусчасын бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.

Марлен Маматалиев кытай кредитин, Транспорт министрлигиндеги коррупциялык схемалар болгондуктан жолдордун сапаты төмөн экенидигин жана айрым учурларда кесиптеш-депутаттар үчүн уялганын кеп кылды.

"Биз бир эле булактан 50%дан ашык карыз албашыбыз керек эле. Кытайга каршы мыйзам жаздым, деп айтпайм дечи. Бирок андан башка дагы институттар да бар. Алардын карыз берер алдындагы талаптары өтө катуу. Ал эми Кытай булардын бардыгына маани бербейт. Биз алардан карыз алып көнүп калганбыз", - деди Маматалиев.

Карызды мен, силер жана биздин балдар төлөйбүз. Жаш депутат катары муну жакшы түшүнүп турам. Ошондуктан Кытайдан карыз алуунун кереги жок. Ортодогу макулдашууда биздин эгемендүүлүгүбүзгө коркунуч туудура турган учурлар бар.

Ошондой эле депутат Транспорт министрлигиндеги коррупциялык схема тууралуу да айтып берди.

"Чоң жүк ташыган машиналар таразага тартылбайт. Алар ошол жердеги кызматкерлерге 100 $ төлөп беришет. Минтранста да "өз кишилер" бар. Таразага тартылгандан качкандар, аларга ай сайын белгилүү бир сумма төлөшөт. Уруксат берилген унаалардын номерлери жана алардын фирмалары жазылган тизмеги да бар", - дейт депутат.

Депутаттын айтканына караганда, фракция шайлоочуларына берген убадалардын бардыгын аткара алган жок. Анын себеби ички тирешүүлөр жана чыр-чатактар. Ошондуктан кийинки шайлоого "Республика" жана "Ата-Журт" партиялары өз-өзүнчө аттанышат.

"Партиянын лидери (Өмүрбек Бабанов. – эск. Kaktus.media), саясатка кийлигишпей турганын билдирди. "Республика" партиясы 2020-жылдагы шайлоого катышабы же жокпу деген суроо ачык бойдон турат. Бирок башка партиялардан шайлоого бирге баруу сунуштары түшүп жатат" – деди Маматалиев.

Анын сөзү боюнча партиянын тизмесине кирүү үчүн акча төлөгөн эмес. Бирок айрым партиялардын тизмесиндеги алдынкы орундардын акысы 500 миң $ турганын кошумчалады.

PRO-выборы (14 статей)
Алтынбек Сулайманов: Стал депутатом, потому что бизнесмены нуждаются в "крыше"
4 Ноября 2019, 17:02
Масалиев: КСДПнин коомчулукту башкарууга моралдык укугу жок
2 Ноября 2019, 13:30
Исхак Масалиев: Порог в 9% никак не способствует демократии
1 Ноября 2019, 08:15
Есть тема? Пишите Kaktus.media в Telegram и WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.media/399598