Масалиев: КСДПнин коомчулукту башкарууга моралдык укугу жок
KG

Масалиев: КСДПнин коомчулукту башкарууга моралдык укугу жок

Все самое интересное в Telegram

Kaktus.media'нын журналисттери Диля Юсупова менен Бермет Уланова PRO-шайлоо подкастын даярдашты.

Долбоордун алкагында Kaktus.media'нын редакциясы шайлоону ар кыл тараптан карап чыгып, талкууга алышат. Подкасттын өзү долбоордун соңунда сунушталат. Ал эми азырынча, журналисттер бул суроолорду программанын конокторуна беришмекчи. Бул ирет "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев программанын коногу болду.

Маектин орусчасын бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.

Эмне үчүн депутат болууну чечтиңиз?

Масалиев баш аягы үч жолку чакырылыштын депутаты, андан тышкары райондук жана шаардык кеңештерде да депутат болгон.

"Мен биринчи жолу 1989-жылы Ленин айылдык кеңешинин (Учурда Аламүдүн райондук кеңеши) депутаты болгом. 1999-жылы Оштун шаардык кеңешинин депутаты болуп шайландым. 2000-жылы өз күчүмдү Кадаймжай шайлоо округу боюнча сынап көрүүнү чечкем, ошентип II чакырылыштын депутаты болуп калдым. 2005-жылы шайлоочулар мени кайрадан колдошту. 2007-жылы Кыргызстандын Коммунистер партиясынын тизмеси боюнча III чакырылыштын депутаты болдум", - деп өзүнүн депутат болуу таржымалын Масалиев айтып берди.

2015-жылы коммунтисттер партиясынын мүчөсү болуп туруп "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болгом. 2015-жылдагы мыйзам буга уруксат берчү. Бирок азыр, бир партияда жүрүп, экинчи партиянын атынан ат салышууга тыюу салынды.

Өзү катышкан мыйзам долбоорлор тууралуу

Депутат жакында эле парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун 9%дан 5%га жана күрөөгө коюлган сумманы 5 миллиондон 1 миллионго төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоорун көтөрүп чыккан. Учурдагы парламент 7% принципи менен куралган.

"Чыр-талаштын бардыгы аянтта эмес, парламентте болсо жакшыраак болмок. Анүчүн Жогорку Кеңеште көбүрөөк партиялар болушу керек", - деди депутат.

Фракциядагы кесиптештери менен болгон мамиле тууралуу

"Кесиптештик, кызматташуу мамиледебиз. Мен башынан эле айтып келем өзүмдүн партиямдын идеологиясын сатпайм", - деп белгиледи.

Ошондой эле депутат өзүнүн КСДПга болгон мамилеси тууралуу айтып берди. "Мен депутаттарга эки жолу сунуш бердим, келгиле КСДПни коалициядан чыгаралы деп, бирок мени колдобой коюшту. Менин оюм боюнча КСДПнин коопчулукту башкарууга моралдык укугу жок".

Кыргыздын сөзү менен айтканда: "алардын иш сапары аяктап калды окшойт.

Өзүңүз үчүн же баша депутат кесиптештериңиз үчүн уяласызбы?

"Депутаттар катураак сүйлөп койсо, бирөөнүн аброюна шек келтире турган нерсени айтса, бул уяла турган иш", - деди Масалиев.

Кийинки шайлоого катышасызбы?

"Тарыхый партиялардын бири катары, сөзсүз түрдө келээрки шайлоого даярданып жатабыз", - деди Масалиев.

Балдарыңызга кандай мамлекет калтыргыңыз келет?

"Туруктуу өлкө. Жаштар диплом алгандан кийин сөзсүз жумуш таба турганын биле турган мамлекет калтыргым келет", - деп депутат сөзүн жыйынтыктады.

PRO-выборы (14 статей)
Алтынбек Сулайманов: Стал депутатом, потому что бизнесмены нуждаются в "крыше"
4 Ноября 2019, 17:02
Исхак Масалиев: Порог в 9% никак не способствует демократии
1 Ноября 2019, 08:15
Алмамбет Шыкмаматов: Өзүмдү аквариумдагы балыктай эле сезем
31 Октября 2019, 10:42
Есть тема? Пишите Kaktus.media в Telegram и WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.media/400399