Алмамбет Шыкмаматов: Өзүмдү аквариумдагы балыктай эле сезем
KG

Алмамбет Шыкмаматов: Өзүмдү аквариумдагы балыктай эле сезем

Все самое интересное в Telegram

Kaktus.media"нын журналисттери Диля Юсупова менен Бермет Уланова PRO-шайлоо подкастын даярдашты.

Долбоордун алкагында Kaktus.media"нын редакциясы шайлоону ар кыл тараптан карап чыгып, талкууга алышат. Подкасттын өзү долбоордун соңунда сунушталат. Ал эми азырынча, журналисттер бул суроолорду программанын конокторуна беришмекчи. Бул ирет программанын коногу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов болду.

Эмне үчүн депутат болууну чечтиңиз?

"2005-жылы соттук системада иштеп жүргөн чагымда, гезиттен Текебаев "юридикалык бөлүмдү жетектөөчүсү" кызматына конкурс жарыя кылганын окуп калдым. Ал кезде Өмүрбек Текебаев парламенттин спикери болчу. Көп киши, алардын арасында мен да документтеримди жөнөттүм. Маектешүүдөн кийин мага юридикалык жана мыйзам чыгаруучу маселелер боюнча жардамчысы болууну сунуштады. 2015-жылы депутаттыкка ат салышкам. Депутат болууга мени саясат түрттү. Саясатка 2005-жылы келгем. Билимим боюнча юристмин. ", - деп Шыкмаматов айтып берди.

Сот болом деп жүргөм, бирок тагдыр ушундай экен болбой калдым. Өкүнбөйм. Саясатта ордум жок болсо кетип калмакмын. Кылган ишим өзүмө каниет алып келет.

Партиядагы кесиптештери менен болгон мамиле тууралуу

"Мамилебиз жакшы, бизди коомчулук туруктуу, ынтымактуу фракция катары таанып билет. Жомоктогудай, кынтыксыз ынтымак ар дайым эле боло бербейт. Анткени он адамдын мүнөзү он башка болот. Кандай коллектив болбосун, түрдүү мамилелер бар. Ошого карабастан баарыбыздын башыбызды бириктирген - бул команданын идеологиясы жана принциптери. Башкысы, негизги максаттан алыстабоо керек", - деди депутат.

Өзү катышкан мыйзам долбоорлор тууралуу

"Биздин партия көтөрүп чыккан жана демилгелеген мыйзам долбоорлору боюнча балким алдыда эместир. Бирок, биз мыйзамдардын санына эмес, сапатына көңүл бурабыз. Мисал үчүн, уран иштетүүгө тыюуу салуу боюнча мыйзам", - деп депутат белгиледи.

Парламент жана бийлик тараптан өтө чоң каршылык болду.

Шыкмаматовдун айтканын караганда, дагы бир олуттуу бирок кабыл алына элек мыйзам бар. Бул омбудсмен тууралуу мыйзам. "Учурда омбудсмендин кызматы номиналдуу. Ал болгону коңгуроо кагып, болуп жаткан жагдайды айтып бере алат, бирок эч нерсе чечпейт. Париждик принциптерге ылайык, омбудсмен парламенттен көз карандысыз болууга тийиш. Эгер ал көз карандысыз болсо, адамдардын укугун тиешелүү деңгээлде коргой алат. Аны коомдук уюмдар жана жөнөкөй жарандар шайлашат. Мындай лидер бардык укук коргоочулардын башын бириктирмек".

Кийинки шайлоого катышасызбы?

"2020-жылы сөзсүз шайлоого катышам. Бирок шайлоодон өтөбүзбү же жокпу, аны шайлоочулар аныкташат. Биздин партиянын алдында милдеттерибиз бар, ал эми партиянын эл алдында милдеттери бар", - дейт Шыкмаматов.

Өмүрбек Текебаев шайлоого катышабы?

Соттордун өкүмүнө жараша болот. Адилеттүү чечим чыкса, Текебаев акталат. Эгер акталып чыкса, сөзсүз түрдө шайлоого катышат.

Кийинки шайлоо ачык өтөбү?

"Ачык-айкын өтөөрүнө ишенгим келет. Бирок 9% барьер менин чоочулатат. Бул олигархтар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк. Олигархтарды жазалоо керек. Элге алардын акчасын албагыла деп айтсак, популизм болуп калат. Керек болуп турса, акчага муктаж болсо алат да. Бирок алар элдин намысына тийип, кемсинтип туруп сатып алып жатышат. Биз качан ойгонуп, арданып, жазалайбыз аларды?", - деп жооп берди депутат.

Өзүңүз үчүн же баша депутат кесиптештериңиз үчүн уяласызбы?

Шыкмаматов: "Башкалар тууралуу айтсам этикага жатпай калат. Бирок өзүм үчүн уялган учурлар болот. Өзүмдү аквариумдагы балыктай эле сезем. Баары көрүнүп турат, журналисттер баарын карап турушат. Күчтүү коомдо ошондой болуш керек".

Балдарыңызга кандай мамлекет калтыргыңыз келет?

"Келечек муун бакубатту, адилеттүү, калыс коомдо жашаса, деп тилейм. Адамдар эч кимге кор болбой, өзүнүн укугун сотко барып коргой алган мамлекетти калтыргым келет. Элдердин аң сезими өсүп, Европадагыдай жашашын Кудайдан тилейм. Ал үчүн өзүмдүн колуман келген күчүмдү жумшайм", - деди.

PRO-выборы (14 статей)
Алтынбек Сулайманов: Стал депутатом, потому что бизнесмены нуждаются в "крыше"
4 Ноября 2019, 17:02
Масалиев: КСДПнин коомчулукту башкарууга моралдык укугу жок
2 Ноября 2019, 13:30
Исхак Масалиев: Порог в 9% никак не способствует демократии
1 Ноября 2019, 08:15
Есть тема? Пишите Kaktus.media в Telegram и WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.media/400150