С. Жапаровдун акыркы жолугушуусу Бишкек шаарында өттү
KG

С. Жапаровдун акыркы жолугушуусу Бишкек шаарында өттү

Все самое интересное в Telegram

Президенттик шайлоого эки күн калды. Дээрлик бир айга созулган үгүт иштери аяктап, талапкерлер эл менен акыркы жолугушууларын өткөрүүдө. 10-январда Кыргызстанда парламенттик шайлоо. Аны менен бирге өлкөнү башкаруунун формасын тандоо алдында турабыз. Тактап айтканда, президенттик же парламенттик башкаруу!

Кандай башкарууну тандайбыз? Мындан ары кайсы башкаруу менен жашайбыз, аны эл өзүбүз чечебиз. Башка талапкерлер сыяктуу эле Садыр Жапаров да Кыргызстанды түрө кыдырып, эл менен жолукту. Талапкер 8-январда Бишкек шаарынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу эски аянтта, бир нече миңдеген шаар тургундарынын катышуусунда өттү. Эски аянтка чогулган эл – Садыр Жапаровду шатырата кол чаап шаңдуу тосуп алышты.

Эл менен жакындан жолуккан Садыр Жапаров – адегенде сөзүн Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча программасын айтуу менен баштады. Андан соң эл тарабынан берилген суроолорго токтолду. Албетте, билинбегени менен Бишкек шаарында чечилбеген көйгөй көп. Элдин берген суроолору да ошол айлап, жылдап чечилбей келе жаткан көп жылдык көйгөйлөр. Эл берген суроолордун ар бирин өзүнчө тиркеп, президент болуп калса, көз жаздымда калтырбай чечүүгө аракет жасаарын баса белгиледи. Садыр Жапаров Бишкектеги көйгөйлөрдү да кароосуз калтырбасын билдирди.

"Борбор калаабыз Бишкек шаары өлкөбүздүн жүрөгү. Баарыбыз Бишкек шаарына байырлайбыз. Бишкек шаары жакынкы жылдары гүлдөгөн жашыл шаарга айланууга тийиш. Кудай буюруп, сиздер колдоп президент болуп калсам, Бишкек шаарын гүлдөгөн шаарга айлантууга бар күчүмдү жумшайм. Жакынкы жылдары күбө болосуздар. Өзгөрүүнү жакынкы убактарда сезесиздер!" – деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ички мигарция, элдин шаарга токтоосуз агылуусу боюнча да суроо берилип, ал суроого: "Биздин аймактарды өнүктүрүү боюнча программабыз бар. Ал программа мен президент болгон күндөн баштап иштеп баштайт. Ага ылайык, Кыргызстандын 7 облусуна көп кабаттуу үйлөрдү курууга, чакан фабрикаларды ачууга аракеттерди жасайбыз. Инвестрлор менен тыгыз иштешебиз. Биринчи облустарга иш орундарын түзүп, аймактардын инфраструктуралык абалын жакшыртып алсак, ички миграция токтойт!" – деди Садыр Жапаров.

Мектеп, бала бакчалардын жетишсиздиги боюнча берилген суроого талапкер ал маселе чечиле турганын, инвесторлор менен буга чейин сүйлөшүүлөр болгондугун айтты.

Эл алдына чыгып, сөз алып сүйлөгөн "Гармония" атындагы орус коомдук маданий борборунун жетекчиси Александр Степанюк, Кыргызстан көп улуттуу өлкө экенин, кайсыл улуттун эли болбосун бардыгы тең Кыргызстандын өнүгүшүн, элдин тынчтыгын тилешээрин, мамлекетти сүйүп, элди урматташаарын айтып, Садыр Жапаровго жеңиш жана ийгилик каалады.

Талапкерге ийгилик каалаган Аялдар комитетинин төрайымынын орун басары Дарика Мамбетова – Садыр Жапаров элдин адамы экенин, аны эл жапырт колдоорун айтты.

"Садыр Жапаров кыска убакыттын ичинде өлкөдө стабилдүүлүктү орното алды. Аз күндө ал мурунку лидерлер жылдап чече албай келген көптөгөн адамдардын көйгөйлөрүн чечти. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик башкаруунун формасы элдин тандоосуна коюлду!" – деди ал.

Кычыраган суукка байланыштуу жолугушуу узакка созулган жок. Садыр Жапаров калган суроолорду 8-январ күнү кечки саат 20:00 дө 7-каналда түз эфирде болоорун, суроо бере албай калгандар, суроолорун түз байланыш аркылуу жолдосо – жооп берээрин айтты. Жолугушуунун соңунда, буга чейин болуп келгендей аксакал эл алдына чыгып, Садыр Жапаровго ак жол каалап, ак батасын берди. Күндүн ызгаар суугуна карабай аянтка чогулган эл, 10-январдагы президенттик шайлоодо добуштарын Садыр Жапаровго беребиз деп билдиришти.

Изготовитель: ОФ "ПроМедиа Плюс", адрес: Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Токтогула, 90а. Заказчик: Тологонова Аида Бейшеналиевна, уполномоченный представитель по финансовым вопросам от кандидата на должность президента Кыргызской Республики Жапарова Садыра Нургожоевича.

Тираж: 1 экз. Изготовлено: 8 января 2021 года. Оплачено из избирательного фонда кандидата на должность президента Кыргызской Республики Жапарова Садыра Нургожоевича уполномоченным представителем по финансовым вопросам Тологоновой Аидой Бейшеналиевной (свид. №35, от 16.11.2020 г.).

Есть тема? Пишите Kaktus.media в Telegram и WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.media/429432