Депутат Аида Исмаилова: Кызым чет өлкөгө кетем десе, каршы болот болушум керек
KG

Депутат Аида Исмаилова: Кызым чет өлкөгө кетем десе, каршы болот болушум керек

Все самое интересное в Telegram

Kaktus.media"нын журналисттери Диля Юсупова менен Бермет Уланова PRO-шайлоо подкастын даярдашты. Долбоордун алкагында Kaktus.media"нын редакциясы шайлоону ар кыл тараптан карап чыгып, талкууга алышат. Подкасттын өзү долбоордун соңунда сунушталат. Ал эми азырынча, журналисттер бул суроолорду программанын конокторуна беришмекчи.

Суроолорго "Республика – Ата-Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова жооп берди. Аида элдер жеке суроолору менен кайрылып, жардам сурагандыктан депутат болууну чечкендигин айтты. Андан кийин атасы өзүн парламенттик чөйрөдө да сынап көрүүнү сунуштаган экен. Жаш депутат "Республика – Ата-Журт" партиясынан колдоо тапкан.

Өзүнүн интервьюсунда Аида Исмаилова жумушуна канча убакыт бөлө турганын, канчасын үй-бүлөгө арнаарын, үйдө ким тамак жасаарын, кайын энесин менен мамилеси кандай экенин жана кызын чет өлкөдө окутабы же жокпу, деген суроолорго жооп берди.

"Ар бирибиздин балдарыбыз чет өлкөгө кете бергени жакшы көрүнүш эмес. Чет олкого барып окуш керек деген ойлорду колдобойм. Кызым чет өлкөгө кетем десе, каршы болот болушум керек. Кыргызстанда калып окушун каалайм, Кыргызстанга эле алып калууга аракет кылам", - деди Аида Исмаилова.

Андан тышкары Аида парламенттеги аялдардын ортосундагы мамиле тууралуу бөлүштү.

PRO-выборы (14 статей)
Алтынбек Сулайманов: Стал депутатом, потому что бизнесмены нуждаются в "крыше"
4 Ноября 2019, 17:02
Масалиев: КСДПнин коомчулукту башкарууга моралдык укугу жок
2 Ноября 2019, 13:30
Исхак Масалиев: Порог в 9% никак не способствует демократии
1 Ноября 2019, 08:15
Есть тема? Пишите Kaktus.media в Telegram и WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.media/399804