Бишкек – бул жанга кубат шаар, ар бирибизге жакын шаар
KG

Бишкек – бул жанга кубат шаар, ар бирибизге жакын шаар

Все самое интересное в Telegram

Кымбаттуу Бишкек шаарынын тургундары!

Биз сиздер менен бирге жер жүзүндөгү эң сонун шаарлардын биринде жашайбыз. Калаабыз байыркы архитектурасы же заманбап инфраструктуралык долбоорлору менен мактана албашы мүмкүн. Бирок Бишкек – бул жанга кубат шаар, ар бирибизге жакын шаар. Бишкек – биз, ата-энелерибиз, сүйүктүү адамдарыбыз, досторубуз жашаган, анан да балдарыбыз жашай турган шаар. Демек ал – мыктынын мыктысы. Калаабыз мындан да мыкты, мындан да жагымдуу, мындан да жайлуу боло алат.

Жөө жүргүнчүлөрдүн шаары – бул жака-белсиз шаар, башкача айтканда, ал тегиз өнүккөн, начар жана жакшы район деп бөлүштүрүлбөгөн, инфраструктурасынын сапаты, социалдык жана маданий объектилердин жеткиликтүүлүгү таптакыр айырмаланбаган шаар. Мында шаардык пландаштыруу ири функционалдуу райондордон баш тартып, универсалдуу райондордун пайдасына иштейт. Адам жөө он мүнөт басып, жашоосуна зарыл бардык жерге – бала бакчага, мектепке, азык-түлүк дүкөнүнө, чакан базарга, поликлиникага, ийримдерге, бассейни бар спорттук комплекске, эс алуу жайына, паркка же скверге жете алат.

Бишкектин айланасында 54 жаңы конуш бар, алардын көйгөйлөрү бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Быйылкы жылдан тарта калаага жаңы аймактар, шаар четиндеги айылдар кошулду. Аларды да интеграциялаш керек. "Жаңы күч – Новая сила" партиясы жаңы аймактарды ийгиликтүү интеграциялаш үчүн азыркы учурда төмөндөгү иштер аткарылышы керек деп эсептейт:

  • Мэриянын ичинде жаңы аймактар боюнча өз алдынча башкаруу түзүмүн уюштуруу. Ал жаңы конуштарды интеграциялоого окшош жумуштарды аткарат. Жаңы аймактарды интеграциялоо жана өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо республикалык бюджеттен ишке ашышы керек.
  • Бишкектин жаңы бөлүктөрүн интеграциялоо жана өнүктүрүү боюнча өзүнчө стратегияны иштеп чыгуу. Жумушту инвентаризациядан, башкача айтканда, инфраструктуранын (жол тармагы, суу менен камсыздоо, канализация, электр менен камсыздоо), социалдык инфраструктуранын (мектептер, ооруканалар, бала бакчалар), турак-жай жана турак-жай эмес фонддун, ошондой эле жашыл ресурстардын абалы, жарандардын муктаждыктары боюнча маалыматтарды чогултуу жана анализдөөдөн башташ керек.
  • Стратегия өз ичине масштабдуу инфраструктуралык интеграция планын камтышы зарыл. Анда төмөндөгүлөр эске алынат:

- транспорттук тармакты жаңылоо – шаардын борбордук бөлүгү менен жаңы райондордун ортосундагы транспорттук байланыш, коомдук унаанын жаңы каттамдарын түзүү;

- коммуналдык кызматтардын инфраструктурасын жаңылоо – суу менен камсыздоо, канализация, электр тармактары, газ менен камсыздоо системаларын кеңейтүү;

-жаңы турак-жай инфраструктурасын түзүү жана эски имараттарды, жеке үйлөрдү реконструкциялоо;

- билим берүү жана медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, ага ылайык, мектептер, бала бакчалар, поликлиникалар жана ооруканалар курулат, жаңыланат;

- коомдук аянтчаларды түзүү: парктарды, спорттук жана маданий объектилерди уюштуруу;

- иш менен камсыздоону колдоо, жумуш орундарын жана ишкердикти өнүктүрүү: чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө шарттарды түзүү, бизнес-инкубаторлорду уюштуруу, эми бутуна туруп жаткан ишкерлерге жергиликтүү деңгээлде жаңы шарт менен жеңилдиктерди берүү;

- экологиялык урбанизация программасы: жашыл аймактарды сактап калуу жана өнүктүрүү, энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана тиричилик калдыктары менен иштөө системасын киргизүү;

- юридикалык жана административдик интеграция: айыл чарба жерлерин шаардык калктуу конуш категориясына түшүнүктүү система боюнча өткөрүү;

- шаардык кызматтардан пайдаланууну жөнөкөйлөштүрүү: жаңы аймактарда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды берүү боюнча жаңы шаардык борборлорду уюштуруу, каттоого турууну жана социалдык жеңилдиктерди алууну жөнөкөйлөштүрүү;

- азыркы шаардык кызматтарды Бишкектин жаңы тургундарынын суроо-талабы боюнча ашыкча түйшүксүз адаптациялоо планы;

- маданий жана коомдук интеграциялоо планы;

- каржылоо жана инвестиция тартуу планы.

"Жаңы күч – Новая сила" саясий партиясынын демилгелери менен бул маселелер тез арада чечилет, биздин курамдагы адистер жана буга чейин иш алып келген депутаттар бүт аракетин жумшоого даяр!

Исполнитель: ОсОО "Кактус.медиа". Адрес: Бишкек, ул. Тыныстанова, 197. Заказчик: политическая партия "Жаңы күч – Новая сила". Оплачено из средств избирательного фонда партии "Жаңы күч – Новая сила" уполномоченным представителем по финансовым вопросам Толобатовой Ж. А. Дата выхода: 25.10.2024 г. Тираж: 1.

Есть тема? Пишите Kaktus.media в Telegram и WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.media/511884