Депутат Сайдулла Нышанов: Ар бир жаран, өмүрүндө бир жолу бекер участок алууга укугу бар
KG

Депутат Сайдулла Нышанов: Ар бир жаран, өмүрүндө бир жолу бекер участок алууга укугу бар

Все самое интересное в Telegram

Kaktus.media"нын журналисттери Диля Юсупова менен Бермет Уланова PRO-шайлоо подкастын даярдашты. Долбоордун алкагында Kaktus.media"нын редакциясы шайлоону ар кыл тараптан карап чыгып, талкууга алышат. Подкасттын өзү долбоордун соңунда сунушталат. Ал эми азырынча, журналисттер бул суроолорду программанын конокторуна беришмекчи. Бул ирет программанын коногу "Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов болду.

Эмне үчүн депутат болууну чечтиңиз?

"2002-жыл эле. Менин досторум бар, алардын бири талапкерлигин коймок болчу. Анын финансылык абалы жакшыраак болчу да. Бирок 2004-жылы абалы кыйла начарлап калды. Анан досторум мага депутаттыка барууну сунушташты. Алардын сунушу мага аябай жакса керек, ошон үчүн депутат болууга макул болдум", - деди Нышанов.

Ата-Түрк паркынын жанындагы чуулгандуу жер тилкеси тууралуу

Журналисттер Ата-Түрк сейил багынын жанындагы жер тилкеси тууралуу сурабай кое алышкан жок.

"Мен участокту 2007-жылы алгам. Ар бир жаран, өмүрүндө бир жолу бекер участок алууга укугу бар. Ар бир мэр келген сайын ушул темадан баштайт, журналисттерге "заказ" кылат. Силер (Kaktus.media) дагы жазып чыгарыптырсын, силерге дагы акча берди деп уктум. Мага аягына чыккан "интересный" болуп жатат", - деди депутат.

Нышановдун толук жообун бул жерден окуй аласыз. Ал эми жер тилкелер боюнча иликтөөнү бул жерден окусаңыз болот.

Кийинки шайлоого катышасызбы?

Кийинки шайлоого катышасызбы деген суроого депутат ойлонуп жатам, деп жооп берди.

Өзүңүз үчүн же баша депутат кесиптештериңиз үчүн уяласызбы?

"Чынын айтсам, кээде уялам. Иштебеген киши жаңылбайт. Биринчи чакырылышка келген кесиптештерибиз көп каталарды кетиришет. Бирок өзүм үчүн уялганым эсимде жок", - деп билдирди Нышанов.

Балдарыңызга кандай мамлекет калтыргыңыз келет?

Бул суроого депутат, кийинки муунга укуктук мамлекетти калтыргысы келгендигин айтып, жооп берди.

PRO-выборы (14 статей)
Алтынбек Сулайманов: Стал депутатом, потому что бизнесмены нуждаются в "крыше"
4 Ноября 2019, 17:02
Масалиев: КСДПнин коомчулукту башкарууга моралдык укугу жок
2 Ноября 2019, 13:30
Исхак Масалиев: Порог в 9% никак не способствует демократии
1 Ноября 2019, 08:15
Есть тема? Пишите Kaktus.media в Telegram и WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.media/399970