Кожобек Рыспаев: Мен деле "святой" эмесмин
KG

Кожобек Рыспаев: Мен деле "святой" эмесмин

Все самое интересное в Telegram

Kaktus.media"нын журналисттери Диля Юсупова менен Бермет Уланова PRO-шайлоо подкастын даярдоону улантышууда.

Долбоордун алкагында Kaktus.media"нын редакциясы шайлоону ар кыл тараптан карап чыгып, талкууга алышат. Подкасттын өзү долбоордун соңунда сунушталат. Ал эми азырынча, журналисттер бул суроолорду программанын конокторуна беришмекчи. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рысбаев программага коноко келди. Белгилей кетсек, ал парламентке "КСДП" партиясынын курамында келген, кийин аны партиядан чыгарып салышкан.

Маектин орусчасын бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.

Эмне үчүн депутат болууну чечтиңиз?

"Мен депутат болууну самаган эмесмин, каалаган да эмесмин, оюмда да жок болчу. Коомдук иштерге катышчумун, Ооган согушунун ардагеримин. 2020-жылкы шайлоо алдында биздин уюмга партиялар, иштеп бергиле деп келе башташты. Бизди ар ким колдонгондон көрө, өзүбүз арабыздан депутат чыгарбайлыбы? Соодалашып, келишимге келбейлиби?" – дедим. СДПК, Ата Мекен деген көрүнүктүү партияларга бардык. Алар бизге көп ишеним артышкан жок. Андан кийин Ар-Намыска барсак, Феликс Шаршенбаевич Кулов, "чогулуш кылгыла, анан силер менен сүйлөшөйүн" – деп калды.

Ооган согушунун арадагерлеринин чогулушунда биздин биримдигибизди, духту көрүп, иштешмек болду. Эки-үчөөңөргө орун берем, деген сөзүнө туруп, ыраматылык Нурлан Төрөбаев экөөбүзгө орун берген.

Партиялаш кесиптештери менен болгон мамиле тууралуу

"Бардыгы партиянын лидеринен көз каранды. Эгер ал калыс болсо биримдикке жана адилеттүүлүккө чакырат. Мени партиядан чыгарып салганы адилетсиздиктин жыйынтыгы", - деди депутат.

Рыспаевдин партиядан чыгарылгандыгы тууралуу бул жерден окусаңыз болот.

Өзү катышкан мыйзам долбоорлор тууралуу

Өзүнүн негизги мыйзамы деп жер кени жөнүндөгү мыйзам долбоорун эсептейт.

"Мыйзам долбоору иштелип чыга электе, Жерүй сыяктуу кендер 300 сомго сатылчу (кеп лицензиянын өзү документ катары 300 сомго сатылгандыгы тууралуу болуп жатат. – Kaktus.media"нын эск.) Албетте, кемчиликтер жана эске алынбаган жерлери бар. Биз анын үстүнөн иштеп жатабыз. Жерүйдү чынында кымбатыраак сатса болот болчу (кенди иштетүү укугун алуу инвесторлор үчүн 100млн $ айланган. - Kaktus.media"нын эск.) Бирок менин жеке пикирим боюнча аны сатпай эле коюш керек болчу. Өзүбүз деле кенге кредит алып иштетсек болмок", - деди Рысбаев.

Кийинки шайлоого катышасызбы?

"Кайсы партия менен келерим белгисиз. Баарыбыздын эле кулагыбыз делдейип турган учур. Анын үстүнө мени КСДПдан чыгарып коюшкан. Сунуштар келип атат, бирок чече элекмин", - деди депутат.

Эмки шайлоого катышууга менин жашым да энергиям да жетиштүү.

Өзүңүз же башка депутаттар үчүн уяласызбы?

"Мен Жолдошбаевге окшоп уялам, же топуну баса кийип кетем, дегенден алысмын. Кээде уялбасаң деле депутаттар үчүн "неудобный" абалда калган учурлар болот. Себеби 120 депутаттын оозун эч ким жаба албайт. Эми мен кесиптештеримди тиги же бул жаман, деп комментарий бергенден алысмын", - деп жооп берди депутат.

Өзүмдү айтсам, жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт, дейт кыргызда. Мен деле "святой" эмесмин.

Балдарыңызга кандай мамлекет калтыргыңыз келет?

"Кошуна мамлекеттерден артта калганыбызга намыстанып жатабыз. Бирок кээ бир жерлерден алдыга кеткен учурлар бар. Бизде мыйзам менен, бийлик менен башка чапкан жерлер жок. Ар ким каалаганындай сүйлөйт. Өзүңөр көрүп турасыңар, "саясий элита" деп койсо эмнени гана жазышпады. Эч ким ага териккен жок. Ошондо деле биздин журналисттер, жазып жаткан жарандар, жаш балдар, кыздар, Алланын астына күнөөгө батпай туура жазышы керек да. Бул маданияттын астыңкы планкасына түшуп кеткендик да", - деди Рысбаев.

PRO-выборы (14 статей)
Алтынбек Сулайманов: Стал депутатом, потому что бизнесмены нуждаются в "крыше"
4 Ноября 2019, 17:02
Масалиев: КСДПнин коомчулукту башкарууга моралдык укугу жок
2 Ноября 2019, 13:30
Исхак Масалиев: Порог в 9% никак не способствует демократии
1 Ноября 2019, 08:15
Есть тема? Пишите Kaktus.media в Telegram и WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.media/400163